@kaktus_kg: Социалдык тармактарга эркек кишинин кичинекей балдарга "мени ата дебегиле" деп, уят сөздөрдү айтып жаткан видеосу тарады. Бул видео боюнча милиция иш алып барып, балдарына орунсуз сөздөрдү айтканын кишинин аты-жөнүн тактады. Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, видео апрель айында тартылган. Видео боюнча Ак-Буура милиция бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу териштирүү жүргүзүп, келиндин жашаган жерине барып, тийиштүү иш кагаздары жыйналып, 12-октябрда тергөөгө чейинки текшерүү иши башталды. #атадебегиле