@sonunsound: Ажарыңа арбалып, Дидарыңа зарланып. Муңканып ыр ырдадым, Булбул кушка айланып. Кыйноо салган кылыгың, Кызгалдактай буралып. Күн кечке созом обон, Күкүк болуп үн салып. Үн салып эй, үн салып ой, үн салып. Айыбы жок жаралган, Ажайып көркөмүңө. Ашыгып ыр арнадым, Асыл кечим өзүңө. Өчпөс болуп жанасың, Өрт сымал жүрөгүмдө. Өзүң гана болсоң дейм, Өмүрлөшүм өмүрдө. Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө. Миң сулуунун ичинен, Бир өзүңдү каалаймын, Туткуну болдум эркем, Тушалган бул жагдайдын. Бир өзүңдү ойлоймун, Бир өзүңдү самаймын. Тагдырга башымды ийип, Тарттым сен деп убайым. Убайым эй, убайым ой, убайым. Алдыман чыга калсаң, Ай сымал түндө жаркып, Арзуум күчөп ан сайын, Алоолоп сага тартып. Күлмүңдөп чыга келсен, Күндөй жаркып таңдагы. Суусатат бүткөн боюң, Сулуулугуң андагы. Андагы эй, андагы ой, андагы. Карааныңа зар болуп, Кайгырсам, кубансам да. Мен жалгыз өзүңдү эңсейм, Келсе деп кучагыма. Сагынтасың күн сайын. Саргайтып сарсанаага. Арманга тумчуктурбай. Алганым болчу жанымда. Жанымда эй, жанымда ой, жанымда. #кыргызстан🇰🇬 #зарыкканда🕊️ #ырлар #сурансадыбакасов #текстпесни #жагымдуу #кыргызырлары #музыка #сагыныч🥺
SonunSound
Region: KG
Sunday 29 October 2023 12:21:42 GMT
Music
Download
Comments
_a.jh_ :
можно текст
2026-05-31 04:54:54
1
шшш :
журоктон чыккан ырлар👍👍👍
2023-11-01 13:51:23
31
🤍🤍 :
сонун ыр экен кечке угуп олтура бериш керек👍👍
2023-11-03 13:02:10
18
zake :
как песня называется?
2023-11-01 23:31:23
5
user2293032869968 :
суйунчу радиодон суранып угуп калам
2023-10-29 15:33:53
6
user37745242971408 :
автору ким
2023-11-01 12:16:32
5
GENOS :
дидар не бул?
2023-11-03 14:13:25
3
Art - Aissaiss :
Соонун ырдайт экенсиз👍
2023-11-02 16:31:42
6
👍🖐️ :
Соонун ырдаган молодец ийгилик 👍👍👍🔥
2023-11-03 14:38:50
3
suiunbekov_09 :
жакшы ыр
2023-11-23 15:22:46
1
_𝑏𝑘𝑡𝑣𝑎_0 :
автор:Аскат Жетиген
исполнитель:Суран Садыбакасов
2023-11-03 19:37:38
6
Blefaroplast _Cholpon :
Биздин ырлардын манызы терен 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬
2023-11-04 13:10:14
3
uumardze.73 :
мыкты ыр 🔥🔥😍😍
2026-04-25 06:49:21
1
Aikosha :
ажарына арбалып🥺
2023-11-03 09:35:50
1
mikurasul :
какая красивая песня 🥰
2023-11-03 13:49:43
2
user1245668173141 :
Сонун ыр
2023-11-07 05:20:01
2
Jumabaeva Milana :
Самая любимая песня 🫠😍
2025-06-23 16:23:10
1
one.pice081 :
👍👍👍🙀🙀 молодец ты лучший 🤩🤩
2023-11-11 17:20:20
2
NARYNSKY_o5 :
Зарлык Камбарбеков беле ырдаган киши
2023-11-05 18:55:17
0
888 :
В исполнении Аскат Жетиген самое то💔
2023-11-02 17:01:01
2
user2293032869968 :
ап бали жакшы ыр экен азамат
2023-10-29 15:33:13
2
Арман :
Ассалаумагалейкум кащақстаннан әдеми ән жарайсын ризамын
2023-11-10 17:40:57
1
<<БЕЛЫЙ ТИГР>> :
АЖАРЫҢА АРБАЛЫП 😁👍
2023-11-03 18:21:28
1
jorobaev17 :
голос 💔
2023-11-03 15:07:50
1
ghv :
топ1
2023-11-02 13:35:22
1
To see more videos from user @sonunsound, please go to the Tikwm
homepage.