@limon__kg: Имамидин Ташев оор абалда ооруканага түштү «KG групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов тергөө абагында өзүнө кол салган деген жүйө менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Ташовдун жактоочусу Самат Матцаков билдиргенин «Азаттык» жазды. Жактоочунун айтымында, УКМКнын тергөө абагында кармалып турган ишкерди «Тез жардам» унаасы ооруканага алып кеткен. «Мен бүгүн Ташовго жолугуу үчүн УКМК тергөө абагына келгем. Ал жердеги нөөмөтчү киргизбей «күтүп тур» деп койду. Ошол жерден Имамидин Ташов өзүнө кол салып, «Тез жардам» менен ооруканага алып кеткенин угуп калдым. Мен 103 аркылуу «Тез жардам» кызматына чалып, сурасам, мага УКМКнын тергөө абагына 40-45 жаштардагы эркек адам өзүнө кол салганы тууралуу чакыруу болгонун, «Тез жардам» аны шаардагы №4 ооруканага алып кеткенин ырасташты. Бирок ал өзүнө кантип кол салганы тууралуу маалымат беришкен жок. Мен да азыр эле ооруканага келдим», — деди Матцаков. Бул окуя боюнча УКМКнын маалымат кызматы үн ката элек. Маалымат алуу үчүн алар менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Эскерте кетсек, быйыл январда «KG групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов 2023-жылы ал кармалганда, андан УКМКнын кызматкерлери «сол чөнтөккө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган. Кийин 22-апрелде ал УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат Ташов «бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган» деп айыптаган.
limon__kg
Region: US
Wednesday 30 October 2024 07:24:52 GMT
Music
Download
Comments
Али :
бутундой кыргыз бизнесмендерин кырып кууп жок кылышты эми кытай Индия эврей бизнемендери басат кыргызстанды
2024-10-30 07:53:15
77
mobipro22 :
Имамидин иним сен кучтуу эркексин алдына келген сыноолордон достойно от, артында чоон жакшылыктар кутуп турат!!! Озуно озун кол салбаганына мен 100% именем!!!
2024-10-30 13:05:17
23
мыкы :
мындай чыккынчылар элине каршы чыкса ошондой болот
2024-10-30 08:19:30
5
Дорогой🤙👍 :
ЭКИ ДОСТУН ЖООП БЕРЕР КУНУ АЛЫС ЭМЕС ШАШПАГЫЛА
2024-10-30 07:56:55
67
Уланбек Абзелов :
Чыкса президент болот Жапаров да өзүнө колсалган мына азыр президент
2024-10-30 09:16:06
27
. :
биринчи кол салат анан экинчи жолу асынып олуп калат прогноз боюнча
2024-10-30 11:59:18
10
KG_ALGA :
Кыргыз чааган жигиттерин жок кылып атыштда
2024-10-30 08:53:06
17
user4006861639517 :
кудай тараза😳😳
2024-10-30 08:17:09
12
To see more videos from user @limon__kg, please go to the Tikwm
homepage.