@radio_maral: Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 5-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +2…+7, Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4. Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.
Марал радиосу
Region: KG
Wednesday 04 December 2024 08:45:42 GMT
Music
Download
Comments
islamov :
йаман коркуп кеттим
2024-12-05 07:32:50
0
Кундуз Кабылова :
😁😆😅😅😅😅
2024-12-04 17:47:19
0
_muhammad__00 :
😳😳😳
2024-12-04 14:19:17
0
suiunalievnaa :
🥺🥺🥺
2024-12-04 12:48:34
0
To see more videos from user @radio_maral, please go to the Tikwm
homepage.