@politklinika: Хорватиянын Загреб шаарында өткөн дүйнө чемпионатында эркин күрөш боюнча 57 кг салмак категориясында күч сынашкан Бекзат Алмаз уулу экинчи орунду алып, күмүш байгеге ээ болду. Ал 1/16 финалда Канаданын балбаны Гаррет Саундерсту 11:0 эсебинде жеңген. Экинчи айлампада япон балбаны Рин Сакамотону 9:4 эсебинде утту. Чейрек финалда Түндүк Македониянын өкүлү Владимир Егоровду 16:5 эсебинде жеңсе, жарым финалда өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утту. Ал эми финалда чечүүчү учурдагы Азия чемпиону, Түндүк Кореянын балбаны Чонг Сон Ханга 9:12 эсебинде жеңилип, дүйнө чемпионатынын күмүш медалын багындырды. Ошентип, Бекзат Алмаз уулу Кыргызстан тарыхында (Эрназар Акматалиевден кийин) дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алган экинчи эркин күрөшчү болуп калды.

politklinika
politklinika
Open In TikTok:
Region: SE
Tuesday 16 September 2025 04:48:02 GMT
1332
38
2
0

Music

Download

Comments

azamimimii
Aziamimmii :
Тактика слабая у наших борцов, Мирахимову нужно задуматься
2025-09-16 04:55:10
0
aibekkazybaev8
Aibek Kazybaev :
🔥🔥🔥
2025-09-17 05:29:02
0
To see more videos from user @politklinika, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos


About