@bdr600: #عبدالله_السالم

الـسالـم .
الـسالـم .
Open In TikTok:
Region: SA
Thursday 27 November 2025 11:40:55 GMT
6019
161
5
42

Music

Download

Comments

a_salemmmm
لَـحنّ إلتيـآعـي 💔1991💙🖤 :
ضغطت لايك الف مره عشت ياب ❤️❤️❤️
2025-11-27 13:04:46
2
s.xp5
˼ھــيبـهہ الـحويطـي ˼ 𝚁 ˹ :
🌷
2025-11-28 02:07:12
1
dsadsads3
user9224198373158 :
🥰🥰🥰
2025-12-10 20:19:52
0
user562350692062
طير نجد :
ادله نهاري وضغط جسمي مرتفع والليل كله ساهرٍ ويا النجوم
2025-11-27 17:18:43
2
saad1966saad0
Saad :
😎
2025-11-27 15:56:34
0
To see more videos from user @bdr600, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos

Төгүлүп күрпүлдөтүп “Манас” айтып жаткан манасчынын кыймылдарында  улуттук бий элементтери бар.       Бий маданияттын бир бөлүгү. Улуттук бий анын салт-санаасына, чарбасына, ой-мүдөөсүнө жараша болору белгилүү. Демек, улуттук маданиятыбыздын туу чокусу болгон “Манаста” камтылган ой-санаа, салт, чарба, жоокерчиликти күрпүлдөгөн манасчынын жесттеринде улуттук бий элементтери бар экени шексиз.       Улуу муундагылардын айтуусунда элибизде көп бийлер болгон экен. Алардын ичинен “Манаска” тийешелүү деп “Шумкар бий”, Бүркүт бий”, “Арстан бий”, “Сынма бий”, “Жеңиш бий” деп ойлойм. Бул бийлерге мүнөздүү жалпылык сынып бийлөө болгондуктан “Жоокер бийи” деп атасак болот. Мында жоокерлердин кырчылдашкан кылыч чабышы, бүркүттун куушурулуп сайылганы, арстан тырмактарын жайып апчыганы, күлүктүн арышы, жоргонун жүрүшү сыяктуу элестер көзгө урунат. Ушундай эле окшоштукту 1924-жылы Каркырадагы жарманкеде немис окумуштуулары тарткан кинохроникадан байкайбыз. Бул тасма - кыргыздагы бий өнөрү жашаганынын чоң далили. Бийчинин буттарын кайчылаштырып буралып, толгонуп, жазылып, тоонун чокуларындай сынып бийлегени кыргыздын, манасчынын мүнөзүн берип тургандай.  Манасчы төгүп (импровизация) аткандай, бийчи дагы өзүнүн кулк-мүнөзүнө ылайык сынма кыймылдары менен түрлүү комбинация куруп, жан дүйнөсүндөгү оргуган эмоциясын кыймылга салат.       Жеке пикиримде “Кара жорго” деп таанылган бийде так ушул кыргыз мүнөз бий кыймылдары болгондуктан көпчүлүккө жакты, биздин маданиятыбызда мындай бий кыймылдары болбосо, эл кабыл албай жээрип коймок. Улуттук этнографиялык бийлер изилденбей калгандыктан ошол кинохроникадагы бийге бүгүнкү бий жаатындагы кесипкөйлөр бир беткей баа бере албай келишет.   Бул нуктагы бийлерди жандандыруу абзел. Министрдин өзүн эмес, образында жургон, анын ишин эмес, ролун ойногондор, колундагы докладты эжелеп окуган чиновниктердин ушуга түшүнүгү жетсе го, чиркин!       Саякбай атабыздын “Манасты” төгүп  жатканын жана баса белгиленген кинохроникада бийлеп жаткан агабыздын бийинен,  “Сынма бийдин” кадрларынан кыска тасма курап окшоштукту көрсөтүп “Манастын” миң кырынан бир кырын ачып, башка өңүттөн көргүм келди. #кара жорго #бий #кыргызчатикток #кыргызстан🇰🇬тикток

About