nurik.04 :
Текст: Ашыккан алтын озуно,
Айыкпас оору мен болдум.
Арзыган жанды суусатып,
Азапка салган сен болдун.
Бой салып алтын езуно,
Боздогон булбул мен болдум.
Булбулдун алып акылын,
Боздоткон гулум сен болдун.
Коркомун артык шайма-шай,
Корушсок деймин байма-бай.
Коп эле эстеп езунду,
Конулум мунун тыйбады ай!
Келишкен мучон шайма-шай,
Кезиксек деймин байма-бай.
Керилип кучак жайсан деп,
Кейишин журок тыйбады ай!
Кулушун кундой жайдагы,
Гулуно менмин ашыккан.
Куйутум кучоп озун деп,
Кунуго менмин жашыккан.
Гулундон искеп журсомчу,
Кубушуп-ойноп, кулсомку,
Кулгунум, ширин жузундон,
Кучактап кыса суйсомчу!
Коруно калса караанын,
Козумду албай каламын.
Кексеген гулум сен болуп,
Корсом деп жолун карадым.
Айчурок болуп колдогу,
Ак койнок кийген сен болсон.
Арзышкан тугойун болуп,
Ак Шумкар сымал мен консом!
2026-03-13 13:10:22