Түгөй деп маңдайыма жазбаганды,
Жаратканым сүйүү деп жолуктурба.
Баа жеткис баркымды билбегенге,
Ишенчээк жүрөгүмдү оолуктурба.
Жарым деп тагдырыма жазбаганды,
Кудайым махабат деп жолуктурба.
Сүйбөгөн, көрүнгөн уятсызга,
Эң назик көңүлүмдү ооруттурба,
Жолдош деп бешенеме жазбаганды,
Йа Роббим ашыктык деп жолуктурба.
Уят, намыс, арымды тепсегенге,
Аманат бир жанымды соолуттурба❤️
2026-05-05 10:41:04
12
To see more videos from user @ddghnmbffyh, please go to the Tikwm
homepage.