@osh.kg_1: Ош шаарынын мэри Ж.К.Акаевдин тапшырмасына ылайык 2026-жылдын 10-майында Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан кайраакы үлүш жер жана жайыт аймактарында рейд жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө эс алууга чыккан жарандар тарабынан маданий жана табигый жайыт жерлерин, өсүп турган чөп чабындыларын автотранспорт каражаттары менен зыянга учуратуу жана турмуш-тиричилик таштандылары калтырылып, айлана-чөйрөнү булгоо фактылары аныкталды. Жарандарга жайыт жерлеринин кыртышын бузбоо жана тазалыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде эскертүүлөр берилип, мыйзам бузган жарандарга карата аталган кодекстин 251-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык тиешелүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.