@turmush.kg_: Кечээ, 9-июнда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өлкө аймактарында облус жетекчилеринин, шаар мэрлеринин, мамлекеттик райондук администрация башчыларынын, прокуратура, ички иштер органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары өтүп жатат. Жолугушуу учурунда Мырза-Арык айылынын тургуну Элгиза Кыпчакпай кызы айыл өкмөт башчысынын, социалдык адистин шылдыңына кабылганын айтып чыкты. Элгиза Кыпчакпай кызы: - Жаш ата-энелердин атынан айтайын. Көп балалуу ата-энелер жөлөк пул ала албай жатабыз. Жөлөк пул боюнча президент келгенде да бардым. Кат дагы келди. Айгүл, өкмөт башчысынын орун басаы, Жеңиш деген олтурат. Өкмөт өзү да отурат. Мени «бага албасаң эмнеге төрөйсүң, төрөбөгүн» деп чыгарышты. Жөлөк төлөп бербейбиз дешти. Айыл өкмөт башчынын орун басары «мен кол койсом гана жөлөк пул аласың» деген. Айыл өкмөт башчыдан жардам болуп калабы деп, ага да кирдим. Өкмөт айтты, «ушунчалык муктаж болсоң, группага таштап, 100 сомдон чогултуп, жардам кылып берейин» деп мени шылдыңдап чыгарышты. 6 балам бар. Кайын атам 1-топтогу майып. Кайын энем дагы жакшы басалбайт. Балдарды багыш үчүн төрөп эле балдарды ошолорго таштап, базарга чыгам. Иштебесем, алар ачка калат. Мигрант болуп да жүрдүк. Азыр жөлөк пулду тааныш-билиш, тууган-урук алып калган. Азыр 80 пайыз жаш ата-энелерде ушул көйгөй. Кароол айыл өкмөтү жакшы иштебейт. Кечээ президент келгенде өкмөт өзү чуркады артымдан. Социалдык коргоо бөлүмү «сыртка чыгыңыз» деп чакрып жатат. Чоңдор келгенде гана жакшы иштеп калат. Башка убакта иштебейт. Үйдү сурайт. Кызыл китеп алып барсаң, «Мындай үйдө биз да жашабайбыз. Мындай үйү барларга жөлөк пул чыкпайт» дейт. Үйү жок барсаң, кызыл китеп сурайт. 100 миңди сураш үчүн да баргам. Базарда да түртүндү 1 метр жерде иштейм. Аманкан Кенжебаев: - Айыл өкмөттүн соцкызматкерлери жөлөк пул бербейт, аныктама гана берет. Соцалдык адис: - Биз текшергенибизде жолдошунун «Мерседес-Бенц Спринтер» унаасы бар. Эжеке өзү базарда отурат. Элгиза Кыпчакпай кызы: - Кайын атам ооруп калгандыктан жолдошуп ушул жерге келип, 3 жылга 2 миллион сом кредит алып, азыр төлөп жатат. Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов: - Карындашым 7200 сомго эми мыйзам талабында жүрүш керек да. Социалдык адистен ошондой мамиле болдубу? Социалдык адис: - Биз мониторинг жүргүзгөнбүз. Комиссиянын актысы менен жашоо шарты жакшыртылган. Эшигинин алдында жеңил унаасы бар. Өзү базарда иштейт. Сага антип айткан эмеспиз. Каныбек Апбасов: - Жөлөк пулдун өзүнүн талаптары бар. Бериле турган жөлөк пулду сизге бербей койсо, прокуратура, УКМК, баары турат. Сиз да туура түшүнүңүз. Талапка туура келсе берет. Жооп бербесе эле берип алса, мамлекеттин акчасын туура эмес пайдалануу болуп, анда да жоопкерчиликке тартылып калышат. Ошону да туура түшүнүш керек.

turmush.kg__
turmush.kg__
Open In TikTok:
Region: KG
Wednesday 10 June 2026 05:14:44 GMT
98761
3140
341
59

Music

Download

Comments

belamur1
belamur :
Бири Торо Дейт, бири торобо Дейт. Тообо кылдым.
2026-06-10 05:41:46
243
vritme_12
v ritme :
ушулар торогон учун Кыргыздын саны кобойуп ататда,эч ким торобосо тез эле жок болуп кетебиз
2026-06-10 05:46:36
267
klot223
Мая :
Тушунбойм эч ,бирого тороп бергендей милдет кылганычы 🤦🏽‍♀️
2026-06-10 07:26:07
51
mernor8
Bermo :
Алынарга карап торогуло туугандар!
2026-06-10 07:10:58
51
user2447032792840
Жыргалбек Мурзаев :
камаш керек бул окмотду булар озун кудай коруп алгантурбайбы Адам устунон шылдындаган учун
2026-06-10 05:52:09
82
gulzada20231986
Gulzada.11 :
мен озум торой албаган учун бул келинди молодец деймин алынар жетсе торогуло кыргыздын санын кобойтолу. мага окшоп 2 бала мн эле токтотуп койбой
2026-06-10 08:49:31
8
nurgul2396
..... :
Туура соз .Азаматсын чон Кыз
2026-06-10 05:20:40
53
ainura19854
ainura🌹🌹 :
Чындык чыгыш керек негизи
2026-06-10 05:27:12
41
ra_az_mu_ha_fa
Janka🌸 :
озун учун торойсун дегендер, туура айтасынар. Бирок ошол торолгон балдар кийин чонойсо мамлекетибизге кызмат кылышат. Мумкун бироосу президент, врач дагы бир элдин керегине жараган Кыргызстандын жараны болот!
2026-06-10 09:18:34
5
user90817553749868
user90817553749868 :
6 баласы болсо машина болсо дагы толош керек
2026-06-10 05:25:07
29
comuse84
Гулбарчын :
пособие чыгарып бергиледа .нары-бери чупкатпай коп балалуу келин экен
2026-06-10 07:07:05
22
akylbekovnass1
adinai :
пособие берилиш керек, оз жумушун так аткарбаган кызматкерлерди иштен алыш керек. Аларга козомол жокпу.
2026-06-10 05:39:57
50
user657863833536
Н❤С :
пособия берилсин ушул келинге
2026-06-10 05:51:36
7
lmronsallev0
❤️‍🔥IMRON❤️‍🔥89 :
Иштен Срочно кетириш керек кто за
2026-06-10 05:49:02
10
scorpiona975
SCORPIO :
ужас прчему 6 детейи и нет помощи
2026-06-10 05:45:30
6
zenly597
Luna :
Патыратып эле торой бербегиледа
2026-06-10 05:40:12
35
mandarinka_a6
mandarinka :
красавица сага соз жок Азаматсын 👍👍
2026-06-10 05:45:49
5
kubakg1404
04 KG🇰🇬 :
Кыргыздын санын кобойтуп жаткандан кийин бериш керек жолок пулду молодец келин экен чындыкты айтып жатат
2026-06-10 07:26:38
5
user4192499910379
Бекмырза :
бул келинге пособие берилеби берилбейби, бирок айыл өкмөтү Соцфонд камаш керек.
2026-06-10 05:52:32
8
useroevxd5kuku
Сауле!!!❤️❤️❤️❤️ :
Тан каласын адамдарга 6баланы Жапаровдон торогондой элесинер,азыраак торогуло!!Баланар чоноюп сени багат мени же Жапаровду бакпайт!!!Ачыгын айтканда 24/7 торобогуло!!!
2026-06-10 08:31:56
12
m1rzaeva.a01
A🤍 :
туупа тууура айтып жатат
2026-06-10 05:58:47
6
nurik__944
Nurtay_94 :
Күйөөнөр мн сайышып жатканда биз мн кенештинер беле😅
2026-06-10 08:14:56
7
omur.089
Омур :
Бул сабатсыз Бийлик Олбоду же жок болбоду зек баш болуп кетсин
2026-06-10 05:28:52
16
www.tiktok.kgkarol
🔥💥К2💥🔥 :
төрөсө төрөсүн күйөөсү багыш керек, кем кылбай.
2026-06-10 07:53:34
9
naaaebektur
naaaeb :
эртен эмне болушубузду эчким билбейт заранее чон суйлобогуло бул келин тагдырын озу жазган эмес менин да 5 уулум бар балдарына омур берсин
2026-06-10 06:45:31
6
To see more videos from user @turmush.kg_, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos


About