@baaluu.kitep: «Мен» аттуу бул китеп адамдын напсиси, текеберлиги жана өзүн-өзү таануусу тууралуу терең ой жүгүртүүгө чакырат. Турмушта мансапка, бийликке же байлыкка жеткен учурда адамдын өзгөрүп, өзүн башкалардан жогору сезип калышынын себептери баяндалат. Чыгармада Махмуд Худайинин өмүр баяны аркылуу напсинин адам жашоосундагы таасири көркөм сүрөттөлөт. Автор Фатих Думан окурманга өзүнүн ички дүйнөсү менен сырдашып, напсисин жакындан таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Китеп адамды кичипейилдикке, Кудайды эстен чыгарбоого жана жашоонун чыныгы маңызы тууралуу ойлоно билүүгө үндөйт. Бул чыгарма бардык окурмандар үчүн пайдалуу руханий жана тарбиялык эмгек болуп саналат. 📍Ош ш А. Масалиева 11 0555444011 📍Бишкек ш. Токтогула 57 0700777244 📦 Жеткирүү кызматы бар #баалуубишкек #баалуукитепдүкөнү #баалуукитеп