@dana.kanatova:

Твой идеальный коуч — Дана
Твой идеальный коуч — Дана
Open In TikTok:
Region: JP
Friday 26 June 2026 15:54:28 GMT
292129
53504
56
3076

Music

Download

Comments

lunaar_tt
lunaar_tt :
Хихи
2026-06-27 07:25:37
9760
mevasilek13
mevasilek13 :
Как милоооо🥹🥹🥹🥹🥹💔
2026-06-26 18:38:32
395
saevvv05
Шах Азимова :
Люблю когда человеки человечатся🥰
2026-06-27 00:35:12
1562
saschiklo
пися попа Ψ :
Вы с мужем такие милые💜💜
2026-06-27 11:55:06
5
hanafubuki5
Hana (花) Fubuki (吹雪) :
Мило 🥰
2026-06-27 00:22:24
22
vilka8044
тгк:vilka✌🏻 :
Самый лучший человек у вас
2026-06-27 09:22:56
59
romdb.lumen
𝘿𝙚𝙖𝙧 𝙇𝙤𝙧𝙙 :
такой большой и грозный на вид 🥺
2026-06-27 07:45:03
2890
cassiecagespecialagent
cassiecagespecialagent :
Это мега мило, какой замечательный мужчина, настоящий человек!!! Желаю вам счастья, и долгих лет вместе💗💗💗
2026-06-27 10:13:51
38
user156831897
user156831 :
2026-06-27 03:06:58
77
kakdelavaldis
kakdelavaldis :
Вы такие милые ❤️🥰
2026-06-27 08:17:58
30
viktossi
Виктория Галич :
вы счастливая 🥰
2026-06-27 10:31:11
6
atika450_450
Фантазёр из Леса 🐋🌿 :
так и приходят в жизнь твои люди 🥰
2026-06-27 08:08:49
147
sava021199
Настя Александровна ❤️ :
2026-06-27 06:33:07
62
erkemsoulx
Erkezhan TTFL :
2026-06-26 18:42:10
17
kristi_chek93
Kristichek :
2026-06-27 08:27:19
2
kkkkkk19060
kkkkk :
2026-06-27 07:24:03
3
shakhaaaa17_19_
E.Shahaman17👽🇧🇷🪄🦖 :
Первый
2026-06-26 16:45:51
1
_ded.anonim
AHOHuM :
вкусный наверное
2026-06-27 10:23:13
0
To see more videos from user @dana.kanatova, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos

Жапаров менен Ташиевдин ортосундагы «жашыруун келишимдин» бузулушу жана компроматтар согушу Кыргызстандын саясий аренасында «Эки дос» деген ат менен белгилүү болгон Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин союзу толугу менен аяктады. Бүгүнкү күндө Бишкекте уланып жаткан «75 адамдын иши» боюнча сот процесстери жөн гана укуктук териштирүү эмес, эки ири саясий күчтүн өз ара күрөшүнө айланып калды. Абалды тереңирээк талдап көрсөк, жабык эшик артындагы төмөнкүдөй процесстер байкалат. Алгачкы этапта Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда жашыруун келишим болгон. Ага ылайык, президент Ташиевге жана анын үй-бүлөсүнө карата кылмыштык куугунтуктарды токтотуу, аларды актоо жана тынч коюу милдетин алган. Мунун ордуна Ташиев досу менен биргеликте жасалган бардык мыйзамсыз иштер, каржылык схемалар жана саясий чечимдер боюнча колунда болгон ири компроматтарды ачыкка чыгарбоого, башкача айтканда «үнсүз калууга» убада берген. Мындай келишим эки тарапка тең саясий жактан пайдалуу болуп келген. Бирок тергөө жана сот процесси  башталгандан кийин кырдаал өзгөрдү. Ташиев өзүнө коюлуп жаткан айыптардын алдында жөн эле багынып берүүнү каалаган жок. Ал тергөө учурунда: «Мен унчукпай отурбайм, эгер мага карата катуу чара көрүлсө, мен дагы кандайдыр бир чараларды көрүүгө мажбур болом», деген өңдүү катуу позицияны карманды. Бул бийлик үчүн түздөн-түз белги жана эскертүү болгон. Ташиевдин «мен дагы жооп берем» деген билдирүүсү системанын ичиндеги тең салмактуулукту бузуп жиберди. Ташиевдин өжөрлүгү жана унчукпай калбай турганы тууралуу эскертүүсүнөн кийин Садыр Жапаров стратегиялык кадам жасады. Алгач жабык жана жашыруун өтүп жаткан сот жыйынын күтүүсүздөн ачык режимге өткөрүү талабы колдоого алынды. Мунун максаты бирөө эле болчу — Ташиевдин бардык «күнөөлөрүн» жана тергөө материалдарын элдин көз алдында ачыктап, аны саясий жактан толук талкалоо жана аброюн түшүрүү. Ташиевди бурчка такаш үчүн сотко негизги күбө катары депутат Элвира Сурабалдиева жөнөтүлдү. Бирок күтүлбөгөн жагдай болду: Ташиев сот залында өзүн абдан ишенимдүү алып жүрдү. Ал Сурабалдиеванын  айткандары далилсиз жана негизсиз экенин көрсөтүп, сөз таймашында үстөмдүк кылды. Бул болсо анын тарапташтарынын жана коомчулуктун көз алдында аброюн кайрадан көтөрүүгө жардам берди. Ачык сот аркылуу Ташиевди сындыруу планы ишке ашпай, анын кадыр-баркы тескерисинче өсүп кеткенден кийин Садыр Ж эң акыркы жана эң оор куралды колдонууга аргасыз болду. Интернетке тергөө учурунда тартылган жашыруун видеожазуулар «агып чыгып» тарай баштады. Бул жашыруун видеолорду таратуунун максаты — Ташиевдин сот залындагы «баатыр» образын бузуу, анын тергөөчүлөр менен кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө аракет кылганын көрсөтүү жана эл алдында кадыр-баркын толугу менен жок кылуу болгон. Бул бийликтин Ташиевге каршы жүргүзүп жаткан маалыматтык жана саясий согушунун эң жогорку чеги катары бааланууда. Комментарий Бүгүнкү окуялардын өнүгүшүнүн артында эң негизги суроо турат: «Садыр Жапаров ушул убакка чейин биргеликте жасалган элдин байлыгын талап-тоноо, мамлекеттик каражаттарды жеке кызыкчылыктар үчүн пайдалануу жана элге каршы жасалган аракеттердин жоопкерчилигин толугу менен мурдагы өнөктөшүнүн мойнуна жүктөп, өзү жоопкерчиликтен кутула алабы?» Эгер системанын азыркы басымы ушул багытта улана берсе, бардык күнөө жана жоопкерчилик бир гана Ташиевдин мойнуна жүктөлүшү толук мүмкүн. Бирок Кыргызстандын саясаты күтүлбөгөн бурулуштарга бай. Ташиевдин кийинки кадамы бул пландарды толугу менен бузуп салышы же жалпы системаны олуттуу солкулдатышы да мүмкүн. Абалдын дагы бир өтө назик жана стратегиялык жагы бар. Сурабалдиева сыяктуу күбөлөр сотто Ташиевди бурчка такап, аны алсыратууга күчү жетпей калгандан кийин, Жапаров системанын бардык мүмкүнчүлүктөрүн башка максатка багыттады. Садырга алдыдагы президенттик шайлоодо баш оору жарата турган, олуттуу тоскоол боло ала турган күчтүү атаандаштын кереги жок.

About