@daily24.kg: Аида Салянова министрлер кабинети менен Жогорку Кеңешке Кыргызстанга төрт күндүк жумуш күнүн киргизүүнү карап көрүүнү сунуштады Мурдагы башкы прокурор мындай тажрыйбаны ишке ашырган бир катар өлкөлөрдү тизмектеп, тескерисинче, жумуштун натыйжалуулугу өскөнүн белгилеген. Салянованын айтымында, дем алышты 3 күн кылган соң жумушта тайм-менеджментке көбүрөөк көңүл бурулуп, жумуш тез бүтөт. Мындан тышкары, кызматкерлер көбүрөөк эс алгандыктан ооруп ишке келбей калгандар азаярын белгидеди. Ошондой эле тынымсыз өндүрүш, медицина жана башка бир катар тармактарды мындай режимге өткөрүүгө болбой турганына да токтолгон. . . @kyrgyz_web 👈