@turmush.kg_: Манас шаарынын тургуну — 38 жаштагы Махлиё Батирходжаева Чаткал районуна караштуу Каныш-Кыя айылына келин болуп келгенине быйыл 19 жыл толду. Ал райондо унаалардын түрүн оңдогон жалгыз моторист айым десе болот. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти. Махлиё Батирходжаева жолдошу Айбек Бексариевдин жумушун карап отуруп, автоунаа оңдоону үйрөнүп алган. Жубайлар аталган айылда үйүнүн короосуна унаа оңдоочу чакан жай ачкан. Махлиё айымдын өзүнүн кардарлары бар. Махлиё Батирходжаева Манас шаарында туулуп-өскөн. Ал жаштайынан эле өзү техникага кызыгып, атасынын жанында жүрчү, бирок унаа оңдоого аралашкан эмес. Жолдошу Айбек Бексариевге турмушка чыккандан соң унаа ондоого болгон кызыгуусун ишке ашыра алган. «Жаңы баш кошконбуз, анда Манаста жашачубуз. Ал унаа оңдойт, мен жанында ага сүйлөп берем, анча-мынча тетиктерин алып келип берем. Ошентип отуруп көз менен унаа оңдоону өзүмө сиңирип алыптырмын. Бир күнү жолдошумдун иши чыгып калды, бул жакта болсо унаасын оңдоо керек дегендей. Анын үйдө жоктугунан пайдаланып, "Audi" унаасынын амортизаторун алмаштырып салдым. Ага жардам бергим келди. Экинчиси, өзүмдүн кызыгуум болду. Жолдошум бир чети таң калып, бир чети кубанып, жанындагыларга, тааныштарына чейин айтып кубанды. Катарынан көз жаргандыктан унаа оңдоодон бир аз алыстадым. Акыркы 5 жылдан бери кайра аралашып калдым», - дейт каарманыбыз. Анын айтымында, Чаткал районунда «Жигули», «Нива», «Нексия» сыяктуу унаалар көп. Унааларды оңдоо женил болуп калды. Негизинен унаалардын моторлорун оңдоого басым жасайт. Жакында эле «Range Rover» унаасын оңдогон. Электрдик унааларга кызыгып жүрөт. Жолдошунун, өзүнүн өз кардары бар. Ал эми унаа оңдоодо бааны жолдошу коет. «Жолдошум кубаттагандыктан унаа оңдоп жатам да. Адегенде ал келген ар бир унаага бир көз салат, баасын коюп берет. Кээде унаага бааны кымбат коюп коюшум мүмкүн. Ошого жолдошум канча сомго оңдолоорун өзү карап айтат.  Бирок тапкан тыйыныма киришпейт. Каражатты балдарга, үйгө азык-түлүккө жумшайбыз. Чоң балам да бизге жардамдашып калды. Анын өзүнүн кызыгуусуна койдук. Ал да өз алдынча унаа оңдоп чыгарып калды», - деди ал. Махлиё Батирходжаева шаарга караганда айылдын жашоосу жакканын айтат. Жолдошунун айылдан шаарга кайтуу демилгесин колдогон эмес. «Өзүм шаарда чонойдум, бирок мага айылдын жашоосу жакты. Таза аба, корооң кенен, балдарың да ээн-эркин ойношот. Бишкек, Ош шаарларында да батирлер жашадык, кыйналдык. Шаарга барып калсам, кайра эле айылга келгени шашам. Анан ушул айылда чоңоюп, мектепти бүтүп шаарга кетишип, кайра келгиси келбеген, өзүн шаардык сезгендер мени таң калтыра берет», - дейт ал. Айбек Бексариев жубайына дем берип, колдоп келет. «Башта кызыгуусун колдодум, бирок шаар жергесинде унаа оңдоого аралаштыргым келген жок. Өзүмчө жай ачканда каалагандай аралашып көрөсүн дегем. Азыр ошондой мүмкүнчүлүк түзүп алдык. Анын өзүнүн кардарлары бар, ага мен аралашпайм», - дейт жолдошу. Жубайлардын 8 баласы бар, улуусу 17 жашта.

turmush.kg__
turmush.kg__
Open In TikTok:
Region: KG
Friday 10 July 2026 07:00:05 GMT
101746
2736
96
243

Music

Download

Comments

user3351757932698
жазгуль :
Рахмат ✊ ишинерге ийгилик
2026-07-10 07:41:28
22
zhan060899
Жанылай Абдырахманова :
молодцы эже ишинизге ийгилик 🥰🥰
2026-07-10 09:28:31
24
gulza.r
гульзар.Залкар :
Азамат кыз мен аябай кубанычтамын сен үчүн🥰🥰🥰
2026-07-10 15:06:15
9
baktygul_1976_06
baktygul_1976_06 :
омурунордон береке тапкыла бар болгула🥰🥰👍👍👍
2026-07-10 08:51:10
12
k2146391
k :
биздин айылда бир эже трактордукун чачат
2026-07-10 15:09:42
3
tami_tami7
Аполлон :
Кой чай
2026-07-10 16:48:01
0
isa598043
isa :
Молодец эже мужиксин
2026-07-10 14:11:29
2
user24249770617564
Омар :
аии Азамат эже экен омурунуз Узун Болсун 👍
2026-07-10 17:28:58
0
aza_s8
Aza83 :
Азаматсыз
2026-07-10 07:44:47
10
akmatovtruck
Aibek truck :
👍👍👍
2026-07-10 17:33:02
0
user5216361013825
Мирбек Абдыкеримов :
Молодцы
2026-07-10 17:33:49
0
nurgizanarkulova1
BLOGGER WOMAN FROM CHATKAL🤫 :
Айгыр-Жал силаа🔥🔥🔥🔥 Айбек аке бактылуу болуңуздар
2026-07-10 12:18:06
2
lebigaga8
Michael :
базар жок
2026-07-10 10:38:42
1
user4865716078102
@5555 :
молодец 👍👍👍
2026-07-10 16:37:23
0
user6748526665786
Ислам :
Азаматсыз колунарга дарт бербесин
2026-07-10 17:10:04
0
jamaasjidan
Jama2021200774 :
бактылуулук Жана ишинерге ийгилик 🥰🥰🥰
2026-07-10 08:10:06
0
user6540444483734
user6540444483734 :
Тамаша. Берекесін берсін. Аман жүріңдер
2026-07-10 09:10:23
6
user4205814736365
Бактияр Мелисов :
машлах
2026-07-10 16:22:32
0
user3549503538125
Ринат Разыков :
маашалаа
2026-07-10 17:45:01
0
kudaiberdiev.9
О ШАМО🦅 :
экоо аябай окшош экен бактылуу болгула
2026-07-10 16:33:55
0
user9375904915680
user9375904915680 :
Ден соолук, ийгилик каалайм.🥰👍😁😁
2026-07-10 16:28:06
0
mairambek.subanov
Mairambek Subanov :
азаматсын
2026-07-10 16:23:17
0
To see more videos from user @turmush.kg_, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos


About