@serep_tv: Грек сахнасынын легендасы Йоргос Мазонакис дүйнөдөн кайтты. Грек ырчысы Йоргос Мазонакис 9-сентябрда 54 жашында капыстан жүрөгү токтоп каза болгон. Өнөрпоз Афинанын «Элпис» ооруканасына жеткирилген, бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес. Йоргос Мазонакис грек музыкасына өчпөс из калтырып, көптөгөн популярдуу ырларды жараткан. Анын өзгөчө үнү, энергиясы жана кайталангыс стили миллиондогон угармандардын эсинде калды