@sadyrnurgozhoevich: Президент Садыр Жапаров Таласта Ж. Баласагын атындагы КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачты Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты. Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады. Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи. Окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми аталган окуу жайдын тарыхы дээрлик бир кылым мурда — 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашкан жолду басып өттү. Ушул мезгил аралыгында окуу жай миңдеген адистерди даярдаган. Алардын арасында билим берүү системасын, мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана башка тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар бар. Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыкты. Андан соң окутуучулар менен баарлашып, аларды студенттерге сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялоого чакырды. Баарлашууда туристтик чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бул багыт үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду. Президент Садыр Жапаров институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
Садыр Жапаров
Region: KG
Friday 11 September 2026 08:23:52 GMT
Music
Download
Comments
[z][a][f][a][r] :
красавчик за слова отвечает молодец!!!
кооз суйлой албайм бирок кооз ишейм !!!
2026-09-11 09:54:50
16
Avrora897 :
алтын башы Аман Болсун биздин сыймыгыбыз ,ажообуз 🥰🥰🥰💯👍
2026-09-11 09:10:17
11
жашоо керемет :
Менин президентим не дей аласын
2026-09-11 10:01:19
7
Гульзат Асанбаева :
Талас омуру каралган эмес.
Рахмат С.Нургожоевич🥰
2026-09-11 10:52:58
8
Nargizа :
Токтогулга да автобустар жүрсө өтө жакшы болмок
2026-09-11 10:15:46
1
Махабат Амурова :
Бут тарапты тен караган, кыйын Президент Садыр Жапаров Нургожоевич
2026-09-11 10:03:39
6
Канышай А :
¹Жараткан Олко башчыбыз Садыр Жапаровду жаман коздордон,жаман создордон сактап,ишине коп коп ийгиликтерди берсин.Манас атанын Духу Руху колдоп омуру узун болсун
2026-09-11 10:45:54
5
Калбубу Баратовна :
Аман бол арыстаным
2026-09-11 14:09:51
2
Нурлан Нурлан :
садыр алга
2026-09-11 08:57:49
4
Сатн :
Міне Президент жүрісінің өзі қандай ия бауырлар Садыр Нұрқожаұлы мықты Президент Қырғыз бауырлар Алға
2026-09-11 17:31:05
4
user2011979299055 :
Аллахым озуно чексиз шугур..Садырыбызды жаман коздон жаман создон озун сакта.Алтын башынын амандыгы керек Кыргыз элиме.
2026-09-11 09:29:13
4
aaaaa.sssss. 995 :
Кыргызстаныбыз онуго берсин .
2026-09-11 10:35:51
4
Nazira :
Иийт денем титиреп кеттиго коруп озум салгандай🥰🥰
2026-09-11 14:49:47
4
Сизге качан жолуу насип кылат экен сизди чын жүрөктөн көргүм келет бирок көрсөм уялып сүйлөй албасам керек дудаланып сөзүмдү унутуп.🥰
2026-09-11 08:59:11
4
Рахматова Замирахон :
2026-09-11 08:48:28
1
❤️Nur❤️ İZMİR 🥰 :
🥰🤲👍
2026-09-11 09:04:50
1
slayy22[22] :
гордимся вами Садыр Жапаров
2026-09-14 17:51:39
0
Жамиля Айтынбетова :
рахмат призентибизге😏😏😏😏😏😏😏
2026-09-13 13:46:44
0
user6106898366090 :
Элуу жылда Эл жаны Деген ушул 🥰 Ажобуз сизге таазим 🥰
2026-09-13 18:50:49
1
user6106898366090 :
Эн сонун корунуш 🥰 кандай жоомарт адам🥰
2026-09-13 18:50:06
0
Ювашбаев.Азиз :
Он болшой молодец👍👏
2026-09-13 05:28:29
1
To see more videos from user @sadyrnurgozhoevich, please go to the Tikwm
homepage.