@nasaat.kg: Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нуркожоевичтин жарлыгы менен белгилүү диний аалым, агартуучу Чубак ажы Жалиловго көзү өткөндөн кийин анын диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасынын ыйгарылуусу жалпы кыргыз элинин, мусулман журтчулугунун, анын ичинде диний ишмерлердин сыйлыгы. Бул сыйлык президентибиздин жеке адамды сыйлаганы эмес, элдин ынтымагы, биримдиги, өсүп-өнүгүүсү, келечек муундун ыймандуу тарбиясы үчүн салым кошуп жаткан бардык диний ишмерлерди сыйлаганы жана алардын ат көтөргүс эмгегин баалаганы деп билемин. Бул сыйлык дин жана агартуу жаатында эмгектенип жаткан бардык адамдарга шык берип, алардын мындан ары да талыкпай эмгектененүүсүнө жол ачат деп ишенемин. Ар бир адамдын эмгегин көз жаздымда калтырбай баалап, татыктуу сыйын көрсөтүп турган мамлекет башчыбызга жеке өзүмдүн жана жалпы мусулман журтчулугунун атынан терең ыраазылык билдиремин. Өзүнө бекем ден-соолук, ишине ийгилик каалаймын. Маркум Чубак ажыны Алла Таала акыретте да Өз сыйы менен сыйлап, мүрзөсү нурдуу, жаткан жери бейиштин бакчаларынан болсун. Акыретте Фирдус бейишин төрүнөн орун берсин. Абдишүкүр ажы Нарматов
Abdishukur Narmatov
Region: FR
Monday 14 September 2026 09:36:23 GMT
Music
Download
Comments
Нурлан Маматалиев :
🥰🥰🥰
2026-09-14 21:01:54
0
nx_Kakao :
🥰🥰🥰
2026-09-14 10:16:23
0
Гулкайыр :
🥰
2026-09-15 07:38:05
0
To see more videos from user @nasaat.kg, please go to the Tikwm
homepage.