@turmush.kg_: Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Жыгач-Коргон айылындагы А.Тажибаев атындагы орто мектептин окуучусу Мурат Жоробеков 11-классты бир күн гана окуду. Ал окуу башталган күнү, тактап айтканда 15-сентябрдын түнү айыл четиндеги ээн талаада окуучулар арасындагы орун алган ур-токмоктон ошол жерде өзүнө келбей каза болду. Мурат үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси болчу.   Маркумдун апасы Жамийла Жусупбекованын айтымында, уулу 15-сентябрда күндүз ага жардамдашып, кечинде дайымкыдай айылдагы спорт залга чыгып кеткен. Ошол бойдон ал уулун түнкү саат 12де Октябрь аймактык ооруканасынан жансыз жаткан абалда көрдү. «Балам спорт залга барат. Спорт залдан чыгып келе жатканда ага теңтуштары тараптан чалуу болуп, ошол айылдагы ээн тарапка барыптыр. Классташ балдарынын 12 баласы тең тизилиптир, үчүнчүдө менин балам туруптур. Коргоно албай калганбы же талуу жерине тийип калганбы, ошол жерде эле кете бериптир. 3-4 күн мурун эле уулумдан "балдар салык салбайбы?" деп сурагам. Балам "апа, каяктагыны айта бересиз да" деп койгон. 11-сентябрда айылда балдар мушташып, участкалык милиция кызматкерин чакырышкан экен. Ошондо катуу чара көрүлсө, менин балам өлбөй калат беле деп ойлойт экенсиң. Баламдын классташтарына "Эмне карап турдуңар эле? 2 эле бала экен, силер 12 бала болсоңор" десем, "ал менен мушташа албайбыз" дешти. Баары үндөбөй тизилип туруп беришкен. Балам шок болсо да өзүңө күнөө аласың. Боорукер, тартиптүү болуп чоноюп келе жаткан. Башта күрөшкө барып жүргөн, анан волейболго эле өткөрүп койгонбуз. Балдардан угушума караганда, 11-класстан сырткары 10-9-класстын да балдары болгон. 9-класстагы балдарды уулум "алар кичине" десе, "бооруң ачып жатабы?" деген экен. Баарын толук териштиришсин. Мен өсүп келе жаткан баламдан айрылдым», - деди ал. Мураттын атасы Шекербек Баргыбаев уулунун өмүрүн соолуткандар мыйзам чегинде жазасын алуусун талап кылат. «15-сентябрь түнкү 12лер чамасы болчу, мага "балаңар милицияга түшүп калды" деген чалуу болду. Кошунабыздын унаасын айдатып, дароо ооруканага бардык. Барсак баламдын жаагы таңылып калыптыр. Урганда өзөрүп олтуруп калганда артынан тээп жиберишкен го, кабырга тарабы көгөрүп калган. Жаш балдар жасалма дем алдырганды билишпейт. Бири 11-классты, экинчиси 9-10-класстын балдарын урганы айтылып жатат. Балдар окуяны толук айтпай эле баштарын жерге салып туруп берип жатышат.  Урган бала бизден 3-4 үй аркы тарапта эле турат, балам  аны катуу урат деп ойлобосо керек. Эми мыйзам алдында катуу жазасын алсын», - деди ал. #сузак

turmush.kg__
turmush.kg__
Open In TikTok:
Region: GB
Tuesday 22 September 2026 03:51:06 GMT
34793
858
45
45

Music

Download

Comments

urmatbek577
urmatbek577 :
камалсын
2026-09-22 06:43:14
21
asianursalievna
GOLD WAY Асия ЛИДЕР :
Ата эне уйдо балдарды катту тарбиа беру керек.Сиздерде ол да біреудің баласы урма сокпа,Жакшы жу деп кунде айтып кулағына куиып журу керек.Шоңайтып эмі баласының кызығын көремиз деп отырған,Ата ананы илатып сыздатып койдыңар.Балдарды катты шара көру керек деп ойлаимын баскаларға сабак болсын.Ата энесіне сабыр.
2026-09-22 04:47:43
9
user48494415087493
Гулчехра Эминова :
балдар зоокур болуп калган каяша суйлошот менин да баламды ,кыштын куну болчу,таллага алып барып Уруп сабап,ээсин оодарып таштап кетип калган ээсине келип балам Тан эрте уйго келген каттуу каралсын
2026-09-23 14:48:18
1
isagalieva7
isagalieva7 :
Чырактай бала ай жапжаш, бейишин берсин
2026-09-22 04:04:24
19
ma87.7
К А Й :
Эч бир эне ыйлабасын бала жоготуу отто оор байкуш бала жаткан жери жайлуу болсун групповой камалсын жырткычтар тарбия үйдөн башталат
2026-09-22 06:01:37
7
user5967807348869
Москва❤️❤️ :
Пожизненный срок дегиле баланар учун ал да аз бирок
2026-09-22 05:31:20
14
kadyrbekovaalina1998
Алина :
менда кичине кыздар балдар кочодо согунуп урушуп жургонун коп кором оронгону деле башкасы деле ушундай ата энелер неге балдарга жакшы тарбия бербей жатат деп озумо озум суроо берип кетем🥺🥹
2026-09-22 05:39:14
2
ahmatovag
ahmatovag :
Ыйманы жолдош болсун,жаткан жери жайлуу болсун! Жапжаш каза болгону окундурот! Эч бир эне баласын жоктоп ыйлабасынчы😥
2026-09-22 07:46:44
2
user7145797817548
Арафат Кадырова :
Абдан окунучтуу эптеп козун карап чонойтсон анан минтип кооптургпн мадырабаштардын айынан каща тапса мончоктой балан элестетсен?????Милиция ИДН,мектеп мугалимдер жана ата-энелер КОЗОМОЛду КУЧОТУУ керек.
2026-09-22 08:00:46
4
nariza80
наргиза :
качан ушу балдар тушунот олуп калат деп ойлошпойву жаткан жери жайлу болсун 🤲
2026-09-22 05:16:32
1
cute_eln.95
Элнара :
аллахым сабр берсин менин айылымдан болот синдимдин классташы 🥺🥺
2026-09-22 06:52:56
1
taalaikan501
1980 :
ичтери тарып олтуруп койушту да жазаларын алсын
2026-09-22 06:42:01
4
kuba_bars_1
КубА_БарС :
катуу жазалаш керек,тартип керек,закон карапайм элге кандай иштесе депутат миллионерге да ошондой иштеш керек
2026-09-22 07:46:07
2
aksana_163
Аксана :
Журогум титиреп кетти козумдон жаш чыгып
2026-09-22 13:55:51
1
user6956100635416
🌹🌹🌹🌹 :
😭😭😭Саабыр тилейм Аллахым Беейишин берсин
2026-09-22 05:38:08
3
kvartiry.osh
Посуточные квартиры город Ош :
Эч бир эне балам деп ыйлабасын🤲Балдаоыбызга инсап ыйман берсин Аллах🤲
2026-09-22 08:50:15
1
indira.alyshpaeva
Indira Alyshpaeva :
Аллахым мекенин жанаттан берсин ИнщаАллах
2026-09-22 09:40:59
1
abdivalievvll
L :
2026-09-22 04:06:53
0
adam08409
❤️‍🔥 :
Балдарына тарбия бере албаган тойлоп жургон ата-энелер куноолуу. Мектептерде дагы айтып уйротуп туруш керек, азыркы балдар ото тартипсиз канкор болушту. Айдай бала айтып болуптур. Ата-энесине Сабыр берсин.
2026-09-22 15:11:47
0
abasov887
чекчейген жигит 😎😂 :
камалсын
2026-09-23 13:48:01
0
mers67677
Mers :
Аллохим Сабир берсин
2026-09-23 02:25:23
0
gulikocmetolog7
Gulikocmetolog :
ата энелерде балдарды конулуна кол салбайт бала эмне кылып журот билбейт
2026-09-22 15:20:52
0
tomi.ris0
Sanshievna_T :
Аллаһ панасына алсын
2026-09-23 03:38:08
0
tomi.ris0
Sanshievna_T :
сотталсын
2026-09-23 03:37:32
0
adidasstiktok1
Миша Көлдүк жигит🇰🇬🇰🇿❤️‍🔥 :
жаткан жери жайлуу Болсун 🤲🥹🥲
2026-09-22 04:33:02
0
To see more videos from user @turmush.kg_, please go to the Tikwm homepage.

Other Videos


About