Palanchaev Tukuncho :
Менимче, ал да мага ашык эле,
Бирок аны айтпады такыр эле.
Көздөрү айтып турчу, бардык дартын.
Жүрөгүмдөн сезчү элем анын барын.
Күндөр өтүп, убакыт да жылга айланды,
Экөөбүздүн тагдырыбыз бир байланды.
Ал да мени чын сүйүүгө малындырып,
«Байым» ❤️деп жүрөгүмдү кубандырды.
Эми сен жубайымсың жанымда,
Кубанычка толду үйүм-жайым да.
Сен жылмайсаң, мен да кошуп күлөмүн,
Сен менен мен бактылуу өмүр сүрөмүн.
Келечекти бирге чогуу куралы,
Сүйүү менен түбөлүккө туралы.
Кайда барсак, бирге болуп ылайым,
Сенсиң бактым, сүйүктүүм, жубайым❤️
2026-10-02 20:58:39