@osh.kg_1: ✅️ Дүйнөлүк бокс легендасы Рой Джонс Ош шаарында! 🔹️ Ош шаарынын күнүн белгилөө иш-чараларынын алкагында Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев дүйнөлүк бокстун супержылдызы, бир нече салмак категориялары боюнча дүйнө чемпиону Рой Джонсту (Roy Jones Jr.) кабыл алды. 🔹️ Жолугушуунун жүрүшүндө шаарда спортту массалык түрдө өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоо образына тартуу жана таланттуу жаш спортчуларды колдоо демилгелери талкууланды. 🔹️ Рой Джонс көрсөтүлгөн меймандостук жана жылуу кабыл алуу үчүн Ош шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга жана байыркы Ош шаарына келгенине абдан кубанычта экенин билдирди. 🔹️ Белгилей кетсек, легендарлуу мушкер Ош шаарынын жаш боксчулары жана спорт сүйүүчүлөрү үчүн атайын мастер-класс өткөрөт. Анын жүрүшүндө ал өзүнүн бай тажрыйбасы, рингдеги кайталангыс чеберчилиги, сокку уруу техникасы жана жеңишке жетүүдөгү психологиялык сырлары менен бөлүшүп, жаштарга мотивация берет. 📝Маалыматтык камсыздоо бөлүмү #ош_мэрия