«Аллахумма инни ас’алукаль-’афуа уаль-’аафията фид-дунйа уаль-аахирах. Аллахумма инни ас’алукаль-’афуа уаль-’аафията фи диини уа дунйайа уа ахли уа маали. Аллахумма-стур ’аураати уа аамин рау’аати. Аллахумма-хфазни мин байни йадайа уа мин холфи уа ’ан йамиини уа ’ан шимаали уа мин фауки, уа а’уузу би’азаматика ан угтаала мин тахти».
Кыргызча мааниси:
«Оо, Аллахым! Мен Сенден бул дүйнөдө жана акыретте кечирим жана амандык (тынычтык, ден соолук) сурайм. Оо, Аллахым! Мен Сенден динимде, жашоомдо, үй-бүлөмдө жана мал-мүлкүмдө кечирим жана амандык сурайм. Оо, Аллахым! Менин кемчиликтеримди (айыптарымды) жашыр жана коркунучтарымдан мени аман кыл. Оо, Аллахым! Мени алдымдан, артымдан, оң тарабыман, сол тарабыман жана үстүмдөн (келе турган кырсыктардан) Өзүң корго. Ошондой эле астымдан (жер титирөө, жер жутуу сыяктуу балээлерден) капысынан жок болуп кетүүдөн Сенин улуулугуңа сыйынып пана сурайм».