@armanym_77: Баары жакшы болот деген үмүт менен өзүңдү алдап жашоо ,канчалык оор ээ. Кээде ичиңе толгон кайгыны кыйкырып чыгарып алгың келет. Кыйкырык - бул алсыздык же жиндилик эмес. Ал жүрөктүн чарчагандыгы. Чынында бизди түшүнгүсү келген адам, сөздөрүбүздөн эмес, үнсүздүгүбүздөн да түшүнө алат. Сени чын жүрөгү менен түшүнө алган адамдын жанында жаш баладай эркелеп, өзүңдү эркин сезип, жүрөгүң жумшарып, жан дүйнөңө тынчтык таба аласың. А, жан дүйнөнүн тынчтыгы - бул сенин бүтүн жашооң.